2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кичи жана орто ишкердүүлүк менен 384 миң жаран алектене тургандыгы белгилүү болду. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу ишкердик менен алектенгендердин саны 30 миң 800 адамга өскөнүн билдирет. Бишкекте – 81,8 миң, Чүй облусунда – 68,8 миң, Ош облусунда – 59,5 миң, Жалал-Абад облусунда – 42 миң, Ысык-Көл облусунда – 24,6 миң, Нарын облусунда – 21,7 миң жана Талас облусунда – 11,6 миң кичи жана орто ишкер бар.