Өлкөдө күздүк эгин себүү алдындагы сугат иштери аяктады

Өлкөдө 2016-жылдын 1-январына карата республиканын бардык аймактарында күздүк эгин себүү алдындагы сугат иштери аяктады. Жыл башынан бери суу берүү планы 96 пайызга аткарылганын 14-январда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кабарлады.

"Күздүк эгин себүү иштерин жүргүзүү үчүн жалпысынан 67,8 миң гектар жер сугарылып, план 87 пайызга аткарылды. Себүү алдындагы сугат иштери боюнча жакшы көрсөткүчтөргө Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустары жетишишти. Өлкөнүн бардык аймактарында күздүк ным топтоо сугаттарында 207 миң гектар аянт сугарылып, план 99 пайызга аткарылды. Күздүк ным топтоо сугат иштери боюнча жакшы көрсөткүчтөргө Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустары жетишишти",- деп белгилейт министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks83
2016-01-14 18:25:06
Нарындан башка жерде го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан