Иса Өмүркулов: "Бюджеттен бөлүнгөн акчага шаарда олуттуу иштерди бүтүрүүгө болбойт"

Республикалык бюджеттен капиталдык салымга бөлүнгөн 2,4 миллиард сомдон Бишкек шаарына 200 миллион сом гана берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаарынын бюджеттик угуусу учурунда мэр Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, каражаттын тартыштыгынан инфраструктура жана коммуникация тармагындагы маселелерди чечүүгө каражат жетишпейт. “2011-жылы капиталдык салымдан Бишкекке 348 миллион сом бөлүнгөн.  Ал эми 2012-жылы 352 миллион сом бөлүнгөн. Бул акчага олуттуу иштерди бүтүрүүгө болбойт”, - деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан