Түркиянын түштүк-чыгышындагы шаарда теракт болгонун 14-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, полиция бөлүмүнүн имаратынын алдында автоунаа жардырылган. Андан соң согушкерлер имарат тарапка ок атышкан.
Жардыруудан улам айланадагы курулуштар зыянга учурады. Окуя болгон жерге күч түзүмдөрү, өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардам" кызматы келди. Расмийлер террордук актка Күрд жумушчулар партиясы күнөөлүү экенин айтып чыгышты. Акыркы маалыматтарга таянсак, 5 адам каза таап, 36 адам жаракат алды. Каза болгондордун арасында бир аял жана жаш бала бар.