Өткөн жылы 21 миңден ашуун кылмыш иши катталып, анын 15 миңинин бети ачылды

Ички иштер органдарынын негизги ишмердик багыты кылмыштуулук менен күрөшүү болуп эсептелет. Отчёттук мезгилдин ичинде кылмыш иликтөө багыты боюнча жалпы 21 473 кылмыш иши катталып, анын ичинен 15 620 иштин бети ачылган, ачылыш пайызы 72,7 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Ботобаев билдирди.

"Ички иштер органдары тарабынан 20 340 кылмыш иши тергелген, бул көрсөткүч башка укук коргоо органдарынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 94,7 пайызды түзөт. Анын ичинен ички иштер органдары тарабынан 15 424 кылмыш ишинин бети ачылган, ачылыш пайызы 75,8. Бул республикалык көрсөткүчкө салыштырып караганда 3,1 пайызга жогору. Республиканын аймактарында жалпы 313 адам өлтүрүү фактысы катталды, анын ичинен 293 фактынын бети ачылды, ачылбай калганы – 20", - деди
А.Ботобаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан