Денеге оор залал келтирүү боюнча 238 кылмыш катталып, 227 кылмыштын бети ачылды, ачылбай калган кылмыш иштеринин саны 11ди түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Ботобаев билдирди.
"Былтыр өлүмгө алып келген оор залал келтирүү боюнча 61 факт катталып, 57 фактынын бети ачылды, 4 кылмыш ишинин бети ачылбай калган. Зордуктоо боюнча - 298 факт, ачылганы – 295, ачылбай калганы - 3. Тоноо боюнча 1212 факт катталган, анын 939унун бети ачылды, ачылбаганы - 273. Каракчылык боюнча 427 факт катталып, анын ичинен 307 фактынын бети ачылды. Алдамчылык боюнча 3204 кылмыш катталса, 2757 кылмыштын бети ачылды. Опузалоо боюнча 113 кылмыш катталып, анын 107синин бети ачылган. Унааны мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча 286 факт катталса, 258инин бети ачылды. Ал эми унаа уурдоо фактысы 10 173 болсо, 6668 кылмыш ишинин бети ачылды",- деди А.Ботобаев.