"Кадыр Маликовду өлтүрүүгө аракет кылгандар жакын арада кыргыз жерине алынып келинип, жоопко тартылышат". Бул тууралуу бүгүн, 14-январда маалымат жыйынында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Ботобаев билдирди.
"Аталган кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөндөрү аныкталган, Түркиянын аймагында кармалган. Учурда Түркия бийлиги менен кылмышкерлерди өлкөбүзгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө",- деди А.Ботобаев.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 26-ноябрында Бишкектин Асанбай кичи районунда дин маселелери боюнча адис Кадыр Маликовго кол салуу болуп, аны бычактап кетишкен. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек.