Асылбек Жээнбеков "шайлоо алдында талапкерден ант алууну токтотобуз" дейт

Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков фракциялардын ичиндеги чууну токтотуу зарылдыгын айтты.

"Фракциялардын ичинде чуу азыркыга чейин басылбай жатат. Бул мыйзамдардын үстүнөн жакшылап иштөө зарылдыгын көрсөтүүдө. Мындан кийин шайлоо алдында талапкерлерден ант алуу, арыз жаздырып алуу болбой турган кылабыз. Кийинки шайлоолордо мындай болбойт",- деди төрага.

Эскерте кетсек, парламентте "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" фракцияларында чуу токтобой жатат. "Кыргызстан" фракциясы эки депутатын мандаттан ажыратуу боюнча БШКга кайрылып, депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулду. Ал эми экинчи фракция депутаттарынын биринин мандат алып парламентте отурушу мыйзамсыз экенин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан