Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолуна жер көчкү түшүп, 3 айылдын эли район борбору менен байланышсыз калды
12-март күнү саат 23:00 чамасында Ош облусундагы Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 21-чакырымына жер көчкү түштү. ӨКМнын маалыматына таянсак, көчкүнүн көлөмү 700 миң метр куб болуп, жол кыймылы жабылган. Көчкү суюк болгондугуна байланыштуу азырынча жолду тазалоо иштери баштала элек. Кырсыктын кеспетинен Өзгөн районундагы Түз-Бел, Үч-Капчал жана Ак-Терек айылдары район борбору менен байланышсыз калды. 15-мартта бул айылдарга атайын дарыгерлер тобу жөнөтүлдү. Бул айылдарда болжол менен 717 үй-бүлө бар.