15-16-март күндөрү Филиппин өлкөсүндө өткөн бокс боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык Абду-Саид Масюмов коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта КРнын бокс боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди. Маалым болгондой, мелдешке 26 мамлекеттен 140 спортчу чакырылып, Кыргызстандын атынан 7 боксчу барган.