Беловодск айылындагы өзгөчө тарбияга муктаж балдардын жатак-мектебинде учурда 52 бала тарбияланууда

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жайгашкан өзгөчө тарбияга муктаж балдардын жатак-мектебинде учурда 11 жаштан 16 жашка чейинки 52 бала тарбияланууда. Бул тууралуу аталган мектептин улуу тарбиячысы Бакыт Курманов билдирди. Бул жердеги балдар көчө тарбиясын көрүп калгандыктан, иштешүү кыйын. Арасында ата-энеси барлар да жүрөт, бирок алардын үй-бүлөлөрү начар шартта жашашат,- дейт тарбиячы. Ошондой эле тарбиялануучулар үчүн тамак-ашына 1 адамга күнүнө 65 сом бөлүнө тургандыгын кошумчалады. Биздин мектепти Билим берүү жана илим министрлиги каржылайт, бирок өзүбүз дагы кошумча каражат булактарын тапканга аракет кылабыз,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан