Нарын районунда 17-мартта саат 13:15 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 292-чакырымындагы тоо бетинен өрт чыкты. Окуя болгон жерге Нарын райондук өрт өчүрүү кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар жетип келишкен. Көрүлгөн иш-аракеттерден соң саат 18:05те тилсиз жоо толук өчүрүлгөн. Аталган министрлик билдиргендей, жалпы 1,5 гектар аянт, анын ичинде 40 түпкө жакын карагай өрттөнгөн. Ал эми кырсык жаш балдардын этиятсыздыгынан келип чыккан, ал балдар 1998-жылы туулган Сыргак Жыргалбек уулу жана 1996-жылы туулган Турсунбек Төлөгөн уулу экендиги кабарланды.
Учурда тилсиз жоо алып келген чыгым такталууда.