16-17-март күндөрү Москва шаарында өткөн “Кристалл Кубогу-2013” аттуу эл аралык бий фестивалында кыргызстандык бийчилер Кибало Алексей менен Татьяна Когадей 2-орунду ээлешти. Бий спорту боюнча КРнын федерациясы билдиргендей, латын америка бийинин Rising Star түрү боюнча кыргызстандык бийчилер 1-орунду Орусиянын командасына алдырып ийген. Эскерте кетсек, Кибало Алексей менен Татьяна Когадей жаңыдан гана мындай мелдештерге катышып жаткандыгы кабарланды.