Быйыл Бишкектин бир катар жаңы конуштары суу менен камсыз болот

Быйыл Бишкек шаарындагы бир катар жаңы конуштар суу менен камсыз болот жана жолдору оңолот. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта  вице-мэр Төрөбек Имашев билдирди. Айтымында, 30 миллион сомго Бишкек шаарындагы  “Ак-Ордо”, “Рухий Мурас”, “Мурас-Ордо”, “Арча-Бешик” жаңы конуштарын суу менен камсыз кылуу пландалып жатат. “2,5 чакырым жолго асфальт төшөөгө 87 миллион сом каралган. Бишкек троллейбустук башкармалыгына 45 миллион сом, Бишкек автотранспорт ишканасына 105 миллион сом бөлүү маселеси каралууда. Бишкек троллейбустук башкармалыгы 79 жаңы троллейбус алат”,- деди Имашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан