17-мартта Сокулук районунан 26 жаштагы Уланбек аттуу жаранды коркутуп 33500 сомун тартып алуу кылмышына шектелип 2 жаран кармалды. Алар 27 жаштагы Тилек жана 20 жаштагы Рамис. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Сокулук районунун Новопавловка айылынын аталган тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда азиат улутундагы 10 бала бычак менен коркутуп, акчасын алып кеткендигин айткан. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталганы айтылды.