* Мындан 47 жыл мурун, 1969-жылы америкалык белгилүү мушкер, жарым орто салмакта Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Рой Жонс АКШнын Флорида штатындагы Пенсакола шаарында туулган. Ройдун профессионалдык бокс боюнча дебюту өзү төрөлгөн Пенсакола шаарында өткөн. 1989-жылдын 6-майында Рикки Рэндол менен орто салмак боюнча беттешип, аягы Ройдун жеңиши менен аяктаган.
* Мындан 47 жыл мурун, 1969-жылы бразилиялык актриса Даниела Эскобар Бразилияда төрөлгөн. Ал "Клон" сериалындагы Маизанын образы аркылуу дүйнөгө таанылган. 16 жашында Даниела журналистика факультетине тапшырат. Бир жылдан кийин театр, балет, музыка жагына которулуп кетип, төрт жылдан кийин аяктаган. Ошол жылдан тартып театрда, кинодо өз ордун таап, теле жаатында иштеп баштаган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы "Дед Хасан" деген лакап аты менен белгилүү орусиялык "кримавторитет" Аслан Усоян атылып өлтүрүлгөн.
Аслан Усоян улуту боюнча күрд, 1937-жылы Тбилисиде төрөлгөн. 1967-жылы Грузиянын түрмөлөрүндө "мыйзамдагы ууру" деген наам алган. 1980-жылдары Орусиянын түштүгүн көзөмөлдөй баштаган. 1998-жылы Аслан Усоян өзбек криминалдык лидери Жора Ташкенскийге "мыйзамдагы ууру" наамын берген. 2009-жылы Аслан Усоян Кавказ уюшкан кылмыш топторунун лидери болуп жарыяланган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) президенти Хосе Сулайман Лос-Анжелестеги бейтапканалардын биринде 83 жаш курагында көз жумган. Маркумдун уулу Сулайман Маурисионун айтымында, Хосе Сулайман көпкө созулган жүрөк оорусунун жыйынтыгында каза болгон. “Бокстун атасы” деген атка конгон Сулайман 1931-жылы Мексикада төрөлгөн. 16 жашында профессионалдык бокс чөйрөсүнө аралашкан “бокстун атасы” 1975-жылы аталган кеңештин президенти болуп шайланып, өмүрүнүн аягына чейин ушул кызматты аркалап келген. Анын ысымы 2007-жылы бокстун “Эл аралык атак-даңк сарайына” киргизилген.
16-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.