18-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз 0°C, түнкүсүн -10°C
Талас облусу. Күндүз -1°C, түнкүсүн -12°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +3°C, түнкүсүн -8°C
Баткен облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -9°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -22°C
Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -8°C