Биз социалдык тармакта

Футбол боюнча улуттук кураманын чабуулчусу Иван Филатов Омандын "Сохар" клубуна кошулду

Футбол боюнча улуттук кураманын чабуулчусу Иван Филатов Омандын "Сохар" клубунун курамына кошулду. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, келишимге 17-январда кол коюлду.

Келишим сезондун аягына чейин түзүлдү. Аталган клуб Омандын Жогорку Лигасында ойноп келет. "Сохар" быйыл 13 турдан кийин 3-орунду ээлеп турат.

Кошумчалай кетсек, И.Филатов акыркы сезонду "Алга" футболдук клубунун курамында өткөргөн. Бул клубдун курамында ал өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада 12 гол киргизген. Улуттук курамдын курамында ал Австралия менен конокто болгон оюнда гана майданга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sher.ella
2016-01-18 13:52:08
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан