15-мартта Томок шаарында автокырсык болуп, окуядан 4 адам каза болду. Алар: 2 жашар А.Т. жана М.А., 1 жашар А.Т., жана 6 жашар Д.М. аттуу жаш балдар. Окуя Бишкек-Торугарт унаа жолунун 57-чакырымында болуп, анда Мерседес жана БМВ унаалары сүзүшкөн. Бул кабарды бүгүн, 18-мартта Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан сырткары жол кырсыгынан жабыр тарткан 9 адам аймактык ооруканага жеткирилди. Аталган жаш балдар ооруканада эсине келе албаган калыбында көз жумушту. Учурда окуя боюнча тергөө иши уланууда.