* Мындан 42 жыл мурун, 1974-жылы V жана VI чакырылыштардагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Ош облусундагы Ноокат районунун Кара-Таш айылында туулган.
Төрөбай Зулпукаров жогорку билимдүү, 2000-жылы Кыргыз улуттук университетин тарых адистиги боюнча бүтүргөн. 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында (атайын бөлүктө) аскердик кызмат өтөгөн. Эмгек жолун 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде спорттук-күжүрмөн даярдык боюнча нускоочулуктан баштаган. Кармашып урушуу боюнча спорт чебери, II дан кара курдун ээси.
Төрөбай Зулпукаров 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланса, 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
* Мындан 31 жыл мурун, 1985-жылы ырчы Жийдеш Идирисова Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган.
2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ыры менен 1-орунду ээлеген.
* Мындан 50 жыл мурун, 1966-жылы Индира Ганди Индиянын үчүнчү премьер-министрлигине шайланган.
Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлала Нерунун кызы Индира Приядаршини Ганди Индия мамлекетинин тарыхындагы биринчи аялзатынан чыккан премьер-министр болгон. Ал өмүрүнүн аягына чейин өкмөттү жетектеп келген.
* Мындан 9 жыл мурун, 2007-жылы Мурат Насыров баңгизаттын күчүнөн улам Москвадагы өзү турган үйдүн 5-кабатынан секирип кеткен. Ырчынын сөөгү өзү төрөлүп-өскөн Алматы шаарында 22-январь күнү жерге коюлган.
Белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Алматы шаарында төрөлгөн. Мураттын музыкага болгон кызыгуусу 7 жашында ойгонгон. Өзүн сахна адамы элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан, 1989-жылы Москвага сапар алган. Алгач досу менен “Новый порт” деген рок-тобун түзүшүп, чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Мурат “Ялта-91” сынагына катышып, баш байгени утуп алган. Ошондон кийин Мураттын чыгармачылыкта жолу ачылып, көп узабай ал “А-Студио” тобу менен таанышып, Мурат Насыровдун казак жердештери ага болгон жардамдарын көрсөтүшөт. “Мальчик хочет в Тамбов” деген ыры анын атын чыгарат. “Кто-то простит” аттуу альбому, “Лия” деген ыры менен популярдуулукка жетишип, ырчы орус шоу дүйнөсүндө өз ордун тапкан.