Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы катталды.
Ноокен районуна караштуу Массы айылындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан 40 чарчы метр нан бышыруучу жайдын жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 3 кап ун, 50 даана нан, муздаткыч толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.