Бүгүн, 19-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Анын жүрүшүндө мурунку депутаттар күбө катары суракка алынышууда. Коррупция боюнча айыпталып жаткан Хажимурат Коркмазов суракка алынып, андан кийин залга Анвар Артыков чакырылды. Эми Исмаил Исаковдун да сурак берери күтүлүүдө.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча эпизод каралып жатканда Келдибеков тараптагылар жыйынга бир топ мурунку жана учурдагы депутаттарды күбө катары суракка алууну суранышкан. Алардын катарында Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Талант Мамытов, Акылбек Жапаров, Равшан Жээнбеков, Райкан Төлөгөнов бар.
Эске салсак, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.