Адам сатууга шектелген кыргыз жараны Казань шаарындагы аэропорттон кармалды

Адам сатууга шектелип эл аралык издөөгө алынган Кыргыз Республикасынын жараны "Казань" Эл аралык аэропортунан чек арачылар тарабынан кармалды. Бул тууралуу 18-январда татар басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, чек арачылар Казань-Бишкек авиакаттамы менен уча турган жарандардын текшерүүдөн өтүүсүн көзөмөлдөп турушкан. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасында өткөн жылдын октябрь айынан тартып издөөгө алынган, 1967-жылы кыргыз жеринде туулган аял бар экендиги аныкталган. Ал мекенине экстрадициялоо үчүн полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saparali96
2016-01-19 11:43:57
Кыргыздар тууралуу жакшы кабар угабызбы деги
+2
Parish
2016-01-19 12:42:58
Акчага буга окшогондор ата-энесин да сатышып жиберишет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан