Кыргызстан боюнча калк жашаган аймактарды тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жашылдандыруу март айынан июнь айына чейин улантылат. Өкмөттүн тапшырмасы менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр ай сайын жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчёт берип турушмакчы. Иш-чаранын алкагында көчөттөр отургузулуп, жарыктар орнотулуп, көчөлөр, сейил бактар тазаланып, жолдор оңдолот.