Таласта эки унаанын кагылышынан 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда болгон. 17-январда саат 18:30 чамасында 24 жаштагы Адилет аттуу жаран Хонда Одиссей унаасын айдап баратып рулду башкара албай калган. Каршы тилкеге чыгып Тойота Ипсум унаасын сүзгөн. Экинчи унааны 48 жаштагы Таалайбек аттуу жаран башкарып бараткан.
Кырсыктын кесепетинен Хонда Одиссейдин айдоочусу, андагы жүргүнчүлөр: 22 жаштагы Дастан, 20 жаштагы Медер, 20 жаштагы Тилек, 23 жаштагы Рыскелди жана 21 жаштагы Байэл жаракат алган. Мындан сырткары Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу, жүргүнчүлөр: 76 жаштагы Алтын, 29 жаштагы Саламат, 27 жаштагы Абдил жаракат алган. Эки унаа айып жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.