Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен жаш баланы башка бирөөнүн документи менен чек арадан алып өтүүгө аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу 19-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган казак жараны кыргыз жеринде төрөлгөн уул баланы мамлекеттик чек арадан өткөрүү үчүн кыздын атына жазылган туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Тийиштүү документтер чогултулуп, ал ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.