Бишкекте күч колдонуп жарандардын уюлдук телефонун жана акча каражаттарын тартып алгандар кармалышты

Баш калаада бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 24 жаштагы А.Шерипбек кайрылып, Щербаков көчөсүндө белгисиз адамдар күч колдонуп 6500 сомун жана эки уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген. Фактыга шектелип С.Калысбек, С.Талантбек аттуу балдар кармалган. Алар буга чейин дагы бир жарандын уюлдук телефонун тартып алышканы белгилүү болду.

Ошондой эле Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Т.Ильяз арыз жазып, Кулиев көчөсүндө белгисиз адамдар анын уюлдук телефонун жана 3 миң сом акчасын тартып алышканын айткан. Бул кылмышка шектелип А.Акылтой аттуу адам кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан