Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурумда бир канча депутат суралып жатат

Бүгүн, 19-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Анда Келдибековдун иши боюнча сурала турган азыркы жана экс-депутаттар имарат сыртында өз кезектерин күтүшүүдө.

Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча эпизод каралып жатканда Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Анвар Артыков суралды. Ал өз сөзүндө: "Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууну Жогорку Кеңештин 100 депутаты колдогон. Парламент тарабынан кабыл алынган ар бир чечим мыйзамдуу",- деп жооп берди. Анын айтымында, өз күчүн жоготкон ар бир чечим жана токтом мыйзамсыз деп саналбайт.

Сот отуруму өтүп жаткан залда адам көп болгондугуна байланыштуу залдын ичине эч ким киргизилбей жатат. Учурда Гүласал Садырбаева суралууда.

Эске салсак, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылары маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан