Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 2015-жылы кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузуулардын алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жаатында иш алып барышкан. Борбор калаадагы абал татаал болгону менен, көзөмөлдөнүп турган. Бул тууралуу 19-январда Бишкек ШИИББинин башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди.
Статистикалык маалыматтарга караганда, 2015-жылы Бишкекте кылмыштардын саны өскөндүгү байкалган. Жалпысынан кылмыштардын 38,8 пайызы же өлкө боюнча ар бир үчүнчү кылмыш баш калаада жасалган. Буга ички миграциянын күчөшү, социалдык-экономикалык кырдаал, жумуш орундарынын жоктугу себеп болуп жатканы айтылды.
Анын айтымында, жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдун жогорулашынан улам өткөн жылы 209 554 сом түшкөн. Ошондой эле өткөн жылы 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталса, жалпы 230 миң жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы орун алган.