Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурумда судья 1 сааттык тыныгуу жарыялады

Бүгүн, 19-январда Бишкек шаардык сотунда А.Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Буга чейин Хажимурат Коркмазов, учурдагы ЖКнын депутаты Анвар Артыков, мурунку депутат Гүласал Садырбаева жана Исмаил Исаков суракка алынышты. Учурда судья 1 сааттык тыныгуу жарыялады.

Соттук отурумдун жүрүшүндө суракка алынган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн ачылышын колдогонун билдирди. "Эч кандай мыйзам бузулган эмес. Ал учурда комитеттер түзүлө элек болчу. Эгерде комитет түзүлгөн эмес болсо, регламент боюнча кол көтөрүү менен добуш берүүгө мүмкүн. Анда 80ден ашуун депутат колдогон. Жогорку Кеңеш кабыл алган ар бир документ мыйзамдуу. Ал өз күчүн жоготпойт, себеби ЖКнын отурумдарында кабыл алынган документтер өлкө башчысы тарабынан кол коюлат, ал мыйзамсыз боло албайт",- деди И.Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан