Мал жайып жүргөн учурда Баткен облусунун аймагына өтүп кеткен тажик жаранынын 106 баш малы кайтарылып берилди. Бул тууралуу 19-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-январда Баткендеги "Капчыгай" чек ара тозотунун чек арачылары Бакай аймагына жакын жерде 106 кой-эчкинин чек арадан кыргыз тарапка өтүп кеткенин байкашкан. Жергиликтүү бийлик менен бирге жүргүзүлгөн териштирүүдөн кийин мал тажик жаранына тиешелүү экендиги аныкталып, мал Тажикстанга өткөрүлүп берилди.