Оорукананын 3-кабатынан кулап кеткен кош бойлуу аялдын баласын сактап калууга аракет жасалууда

15-мартта Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 3-кабаттагы терезеден кулап кеткен кош бойлуу аялдын баласын сактап калууга дарыгерлер аракет жасашууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Света Байтикова билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер кош бойлуу аялдын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Окуя болгон күнү кош болуу аялга 2 ирет опперация жасалган. “Мен өзүм 20 жылдан бери дарыгер болуп иштеп келем. Бирок мындайды көргөн эмесмин. Доктурлардын баары таң калышууда. Учурда маркум аялдан калган эркек ымыркайдын абалы оор. Башынан оор жаракат алып, ички органдары да жабыркаган”,- дейт Байтикова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jamal
2013-03-18 17:08:23
http://www.
бул ссылкада ымыркай да каза тапты, деп жазылып турат,кимиңерге ишенебиз эми?
0
admin_superstan
2013-03-18 17:13:47
Jamal,
Биринчиден, сизге эскертүү! Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
Экинчиден, ал маалымат такталып жазылды.
0
Marath87
2013-03-18 17:31:04
admin_superstan, ал аял эмнеге 3 кабаттан кулап кеткен, ошону кененирээк жазгылачы сураныч
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан