"Мас абалында 56 жаштагы аялдын үйүнө терезеден кирип, зордуктоого аракет кылган" деп Кемин районунун тургуну кармалды

Чүй облусунун аймагында катталган бир катар кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу 19-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кемин РИИБине 1962-жылы туулган Н.Наталья аттуу жаран кайрылган. Ал 17-январда түнкү саат 03:35 чамасында белгисиз адам мас абалында жабырлануучунун үйүнө терезе аркылуу кирип, зордуктоого аракет кылгандыгын айткан. Фактыга шектүү катары буга чейин соттолгон 20 жаштагы Кемин районунун тургуну М.У. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Милицияга арыз менен кайрылган Аламүдүн районунун 33 жаштагы тургуну М.Г. 16-январда белгисиз адамдар сабап кеткендигин айткан. Кылмыштын изи сууй электе бейбаштыкка шектелип 1980-жылы туулган А.Эсен колго түшүрүлдү. Ушундай эле арыз менен милицияга Лебединовка айылынын жашоочусу кайрылып, 18-январда саат 15:00 чамасында белгисиз аял сабап салгандыгын билдирген. Бул факт боюнча шектүү катары 1983-жылы туулган Я.Анна кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saparali96
2016-01-19 18:58:03
Зордуктады кордуктады кунумдук корунуш болуп калды,деги чондор бир чара коробу же бироо кордолуп бироо соттолуп журо береби,же элдин жашоосу кызыктырбайбы аларды,тартипке келтирчу бироо жарым калганбы же Курманжан Датка менен кошо олгонбу алар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан