Бишкек шаардык сотунда бүгүн А.Келдибековдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда Ахматбек Келдибеков: “Мен жактоочум менен сүйлөштүм. Эгер биз тараптан туура эмес нерселер айтылып, жасалган болсо, кечирим сурайм”,- деди. Судья кечиримди кабыл алып, суракка күбө катары Акылбек Жапаров чакырылды.
“Мен Москвадагы Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачууга добуш берүүдө колдогом. Тиешелүү документтер депутаттарга таратылып берилген. Эгер мамлекетке чоң чыгым алынып келсе, андай фактыны Эсеп палатасы сөзсүз таап чыкмак. Андай болгондо айып тагууга да болмок",- деди Жапаров.
Ал эми ЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Абдрахманов өкүлчүлүктү ачууга 100гө жакын депутат добуш бергенин белгилеп: "Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүнүн ачылышына көптөгөн адамдар кол коюшкан. Ага тиешелүү акча каражаттар да бөлүнүп берилген. Буга президент да кол койгон. Эгер бул маселе боюнча карай турган болсок, анын кабыл алынышына кол койгондордун баарын соттош керек",- деди.