Малайзияга окуучуларды коштоп барган ММК өкүлдөрү 19-январда аталган өлкөнүн "The Star" медиа-холдинги менен таанышышты. Журналисттер мекеменин ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык базасы, статистикалык көрсөткүчтөрү менен таанышып чыгышты. Иш-чара алкагында медиа-холдингдин редакциялык иштерди өнүктүрүү тобунун башкы менеджери Томми Ли менен "Супер-Инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова журналистика тармагы жаатында пикир алышты.
Белгилей кетсек, "The Star" медиа-холдингинде 4 радио, 2 телеканал, балдарга, айымдарга, билим берүүгө арналган журналдар чыгат. Ал эми корпорациянын атын алып жүргөн "The Star" гезити 44 жылдан бери жарык көрөт. Эң алгач 10 000 нуска менен жарык көрсө, азыркы учурда күнүнө 300 000 нуска менен чыгат. Учурдагы малайзиялыктардын 100үнүн бири бул гезитти окуйт.