Екатеринбургда 4-январда жоголгон 13 жаштагы Канат кызы Айганышты издөө иштери уланууда. Анын жүрүшүндө аймактагы көчөлөр текшерилип, башка соода борборлорундагы видеожазуулар көрүлдү. Укук коргоо органдары менен кошо кызды ыктыярчылар да издеп жатышат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Окуя болгон күнү эжеси аны сүт алып келүү үчүн дүкөнгө жөнөткөнү маалымдалган эле. Туугандары билдиришкендей, дүкөндөн Айганышты күзөтчү уурдалган кефир менен кармап алган. Буга чейин уурулукка колу барбагандыгын белгилеген кыздын Мохамедали аттуу жездеси күзөтчү Айганыш алган азык-түлүк жана акчасын тартып алып, сыртка чыгарып салганын айткан.
Эске салсак, жоголгон кызды издөөдө бардык тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "жашы жете электи өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Айганышты кыргыз жеринен өткөн жылдын май айында анын 23 жаштагы эжеси алып келген. Окуя болгон күнү эжеси аны сүт алып келүү үчүн дүкөнгө жөнөткөн. Кызды издөөгө полициянын бардык бөлүмдөрү тартылды.
Канат кызы Айганыштын бою 145 сантиметр, кой көз, кашы калың, чачы кара. Ошол күнү күлгүн түстөгү күрмө, кочкул кызыл моюн орогуч, токулган баш кийим, кочкул кызыл лосина, күрөң кышкы өтүк кийип жүргөн. Көргөн-билгендер полиция кызматкерлерине (343) 370-41-66 же 356-42-11 телефон номурлары аркылуу билдиришсе болот.