16-январга караган түнү Иркутск шаарында кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүрүп, анын сегиз айлык жана эки жарым жаштагы балдары уктап жаткан турак үйдү өрттөп кетишкен эле. Кичинекей балдарды полиция кызматкерлери куткарып калышкан.
Маркумдун сөөгү туулган жерине - Кадамжай районунун Таш-Дөбө айылына коюларын айткан жубайы бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына: "Азыр балдарымдын абалы жакшы. Алар күйүк алган эмес. "Тез жардам" кызматы келип, "Өзүбүз сүт берип, жардам беребиз. Сен бул жакта полицияга көргөн-билгендериңди айтып тур" деп балдарымды алып кетишкен. Учурда үйгө алып кетүүгө уруксат берди. 22-январда Ошко учканга билет алдык",- деди.
Эске салсак, окуя болгон түнү тийиштүү кызматтарга 2-Темир жолу көчөсүндө турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция кызматкерлери өрт чыккан аймакты курчоого алуу үчүн бара жатышканда 3-Темир жолу көчөсүнөн алардын алдынан чыккан аял үйү өрттөнүп жатканын, ичинде кичинекей балдары бар экенин айткан. Полиция кызматкерлери уктап жаткан балдарды куткарып калышкан.
Ал эми 2-Темир жолу көчөсүндө өрттөнгөн турак үйдөн башына бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси жана бычактан жаракат алган жаран табылган. Жаракат алган жаран облустук ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки үй тең атайын өрттөлгөн.
Биринчи өрттөнгөн турак үйдөн куткарылган балдар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын балдары болгон. Өлтүрүлгөн кыргыз жараны Кадамжай районунун Жеңишбек аттуу тургуну экени айтылды. Кылмышка шектүү катары Кайрат Сулайманкулов кармалган.