Сокулукта өрттөнгөн үйдөн табылган эки аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Сокулукта өрттөнгөн үйдөн табылган эки аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 19-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-январь күнү эртең менен Сокулук айылындагы №10-үйдө 1-батир күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр үйдүн эшигин ачып, өрттү өчүрүшкөн.

Өрт чыккан жерден үй ээси 1951-жылы туулган Галина Михееванын жана болжол менен 60-64 жаштагы бир аялдын жансыз денеси табылган. Эки аял тең болжолдуу түрдө катуу жыгач буюм менен сабалган. Кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1985-жылы туулган Л.Д. кармалды.

Белгилүү болгондой, окуя болгон күнү үйдүн ээси, аты-жөнү тактала элек аял жана кошунасы болуп, 10 күн мурун каза болгон үй ээсинин күйөөсүн эскеришкен. Спирт ичимдиктерин ичип отурганда уруш чыккан. Натыйжада кошунасы эки аялды сабап, кылмышты жашыруу үчүн үйдү өрттөп салган.
Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан