Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурумдун жүрүшүндө суракка бир катар депутат жана экс-депутаттар чакырылды. Алардын катарында экс-депутат Бөдөш Мамырова да бар болчу. Б.Мамырова соттук отурум өтүп жаткан залга киргенде мамлекеттик айыптоочу ал буга чейин бул иш боюнча мурунку соттук отурумга катышканын айтты. Андан сырткары ал: "Сиз буга чейин соттук териштирүүдө залда отургансыз. Күбөлөр эмне деп айтышканын уккансыз, демек, сиз суракка алынбашыңыз керек",- деди. Буга Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров күбө суракка алынышы керектигин айтып, ал эми Б.Мамырова өткөн сот отурумунда эч ким суракка алынбаганын эске салды. Судья Ирина Воронцова соттук процессттердин өзүнүн нормалары бар экенин айтып, ага ылайык, Бөдөш Мамырова суракка алынбай турганын жарыялады.