Ырчы Абидин Темировдун “Мен айрылсам, сен да менден айрылдың” аттуу ырынын клиби жарыкка чыкты. Клиптеги каармандар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин искусство факультетинин студенттери. “Ырды мурда Каныкей Эралиева аккордеондун коштоосунда ырдачу. Учурда аккордеондун коштоосундагы ырлар жок болуп бара жаткандыктан, бул ырды кайрадан ырдап чыгууну чечтим. Негизинен, ырдын сөзү да абдан курч жазылган. Сүйүүдөн кыйналган адам жазганы көрүнүп турат”,- дейт Абидин Темиров. Айта кетсек, ырдын сөзү Атайбек Бөдөшовго, обону Рыспай Абдыкадыровго таандык.