Ысык-Ата районунда уурулук фактысына шектелгендер кармалышты

Ысык-Ата районунда уурулук фактысына шектелгендер кармалышты. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга арыз менен 60 жаштагы Ивановка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 18-январь күнү саат 11:30 чамасында белгисиз жарандар анын дүкөнүнүн эшигин сындырып кирип, азык-түлүктөрдү уурдап кетишкенин айткан. Учурда дүкөндүн ээсине келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Р.Д. жана мурда соттолгон 27 жаштагы К.А. кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан