Кызыл-Кыяда мугалимге ок чыгарган адам табыла элек

"Кызыл-Кыя шаарында мугалимге ок чыгарган" деп шектелген Азамат Пахиров табыла элек. Ал 8-январдан бери изделип жатат. Октон жаракат алып оор абалда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген жабырлануучуга окуя болгон күнү операция жасалып, азыркы тапта анын абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 19-январда Кызыл-Кыя ШИИБинен билдиришти.

Эске салсак, Кызыл-Кыя шаарынын Тоо-кен техникумунда дене тарбия мугалими болуп иштеген Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Өрнөк айылынын тургуну, 24 жаштагы Абылкасым уулу Кабылга ок чыгарган 35 жаштагы Азамат Пахиров белгисиз себептерден улам ПМ-9 миллиметр тапанча менен бир нече жолу атып, изин жашырып кеткен. Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу барып, 6 даана болжол менен ПМ-9 миллиметр тапанчанын гильзаларын жана 1 даана ок табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazira1989
2016-01-19 19:23:58
Озу издеп жатабы ал адамды???
0
zhumagul89
2016-01-19 22:22:39
Дагы бир подвалда жатса керекдааа.
0
mech91
2016-01-20 11:12:00
Сакалды алып ачкини тагып койуп жургондур да..
0
aidinaernur
2016-01-20 19:58:27
Оздору жок кылып, Оздору издетип атпады бекен черныйлар.
Подстава болду Деп атышат.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан