Аламүдүн районунда уюлдук телефон уурдоого шектелип 35 жаштагы аял кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга арыз менен 48 жаштагы аял кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.