Орусиянын Новосибирск облусунда тууганын түрмөдөн чыгарам деп полиция кызматкерине пара сунуштаган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу 18-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 15-январь күнү полиция кызматкерлери тарабынан баңгизат сатууга аракеттенген 24 жана 22 жаштагы эки кыргыз жараны кармалган. Алар суракка алынып жаткан учурда башкармалыкка кармалгандардын биринин тууганы келген. Ал башка тергөө органдарына тууганы тууралуу маалымат бербөө үчүн 45 миң рубль пара сунуштаган.
Кызматкер акчаны албай турганын айтып, Орусиянын аймагында пара берүү жана пара сунуштоо мыйзам бузуу экендигин эскерткен. Бир нече убакыттан кийин ал киши кайра келип, 45 миң рублду кызматкердин столуна койгон. Ал учурда коопсуздук кызматкерлери кирип келип аны кармап кетишкен.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, пара сунуштаган кыргыз жараны камакка алынды. Айрым маалыматтарга ылайык, бул берене боюнча айыпталуучу 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 1 миллион рублдан ашуун айып пул төлөшү мүмкүн.