Ак-Ордо конушунун жашоочуларынын талаптарын аткаруу үчүн атайын комиссия түзүлөт

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция кийинки жумада Сокулук районундагы Ак-Ордо жаңы конушунун суу, свет маселелерин чечүү боюнча атайын комиссия түзөт. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жаңы конуштун тургундары Экологиялык-техникалык инспекцияга кайрылып, суу, свет маселелерин тезинен чечип берүүлөрүн суранышкан. Жаңы конушка свет кире элек. Ал эми жолдорунун абалы начар. 1 тонна сууну 250 сомдон сатып алып ичишерин айтышты. Мектеп, поликлиника сыяктуу социалдык объектилердин бири дагы жок.

Инспекция жетекчилиги жашоочулардын арыз-муңун угуп, маселесин кароону убада кылды, бирок Ак-Ордого трансформаторлорду орнотууга уруксат беришкен жок. Себеби бул контурда айыл чарбасына белгиленген “калк жайгашкан пункт” категориясынан жер тилкесинин трансформациясы жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2016-01-19 19:54:21
Негизи жаңы конуштар козу карындай өсүп кетти. Элдин баары жакшы жашоо издеп келишкендер. Айылдарда болсо кары картаңдар калышты. Депутаттар мандат талашып тытышып жүрсө , карапайым эл эптеп жашап жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан