"Жалал-Абадда табылган гранатомёт жана 6 миңге жакын ок-дарыларга тиешеси бар" деп милициянын майору камакка алынды

"Жалал-Абаддагы калктуу конуштардын биринен табылган гранатомёт жана 6 миңге жакын ок-дарыларга тиешеси бар" деп милициянын майору Бөрүбай Райымбеков кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактар билдиришти.

Белгилүү болгондой, Б.Райымбеков Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын курал-жарак менен камсыздоо бөлүмүндө ага инспектор болуп эмгектенген. Учурда Б.Райымбеков УКМКнын тергөө абагында сурак берүүдө. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кампасындагы курал-жарактар, ок-дарылар ордунда экени аныкталды. Учурда өздүк коопсуздук кызматы бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, бул факт боюнча жакынкы аралыкта Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген адам кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында анын 2015-жылдын июль айында жок кылынган казакстандык Т.Жумагулов жана Ж.Амиров башында турган террордук топко катыштыгы бар экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikokul14
2016-01-19 18:45:44
Балык башынан сасыйтда,карапайым элде кайдагы гранатамет, курал же жон эле магазинде сатыла турган буюм эмесго,ошо чондор олгонда.
0
Moskva.kg
2016-01-20 22:10:01
aikokul14,Куралдар магазиндерде кийим саткандай эле сатып калышкан
0
briliant87
2016-01-19 19:24:05
Уяты жок .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан