“Бишкек суу-канал” ишканасы билдиргендей, 20-январда саат 09:00дөн 20:00гө чейин борбор калаанын кээ бир аймактарында таза суу токтотулат. "Кайнар" жабык акционердик коомунун Сүйүмбаев көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Д.Шопоков-М.Фрунзе-Осмонкул-Москва көчөлөрү менен чектешкен турак жай районуна, №4 жана №12-мектеп-гимназияларына, №178, 124, 88-бала бакчаларына, Чүй университетине, Свердлов райондук ИИБине жана сотуна, Москва көчөсүндөгү прокуратурага, Осмонкул көчөсүндөгү ӨКМ, Гоголь көчөсүндөгү Коргоо министрлигинин имараттарына суу берилбейт.
“Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдоого чакырат",- деп айтылат маалыматта.