Өткөн жылдын май айынан бери жакындары жок ооруканада жаткан бейтаптын кызы табылганын Акыйкатчы институтунан билдиришти. Маалыматка караганда, 2015-жылдын 23-майында Республикалык психикалык саламаттык борборунун №10-медициналык бөлүмүнө "Тез жардам" кызматы менен А.Т. аттуу бейтап туугандарынын коштоосу жок келип жатып калган. Ошол убакыттан бери анын жакын туугандары келип кабар алышкан эмес.
Борбордун кызматкерлери жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Акыйкатчы институтуна кайрылышып, институттун кызматкерлери ички иштер министри Мелис Турганбаевге кат жолдошкон. Жыйынтыгында укук коргоочулар А.Т. аттуу жарандын кызын таап, энесин алып кетүүсү керектигин айтышкан. Азыркы учурда бейтапты кызы үйүнө алып кетти.