Жумгал районунда сарайдан өрт чыгып, 2 уй, 15 эчки, 15 кой күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Жумгал районуна караштуу Кичи-Арал айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда сарайдын 40 чарчы метр чатыры, 6 тонна чөп, 2 уй, 15 эчки, 15 кой күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна отко карата этиятсыз мамиле себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asad345
2016-01-20 10:14:33
Кудай сактасын
0
Artyr1994
2016-01-20 12:50:18
Атайлаган бироо эле коро албагандар кылган
+1
Gulya21
2016-01-20 14:01:00
Жаныбарлар жалко
0
zoichka
2016-01-20 14:02:37
Байкуш жандыктарга жаман болуптур.ичим ачышты(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан