Оренбург облусуна караштуу Переволоцк районунда кыргыз жеринен 22 тонна төө буурчак жүктөп бараткан Вольво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, жолду туман каптап тургандан улам айдоочу рулду башкара албай унаасы менен жолдун чекесине чыгып, бир жак тарабына ооп калган. Жол кырсыгы катталган жерге 2 кран жана 2 трактор келип, полиция кызматкерлери төө буурчактарды унаадан алып чыгып, унааны чыгарганга жардам беришкен.